Айыл чарбасын өнүктүрүү – экономиканын өсүшүн камсыздайт

0

Бүгүн райондун акими Руслан Айтбаев Падек айылында 6.8 гектар аянтка акылдуу тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрүлгөн интенсивдүү бак менен жеринде таанышты. Акимдин биринчи орун басары Жанарбек Токтогулов, Ала-Бука райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Муратбек Узаков айыл чарба тармагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Акылдуу тамчылатып сугаруу системасынын иштеши боюнча адистер жана дыйкандар менен пикир алмашышты.
Андан соң Ак-Коргон айылындагы жеке ишкер Кошбаев Дилмухаммед тарабынан курулуп жаткан тоок фермасы менен таанышты. Аталган фермада 15 миң тоок багылып, 2-3 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болуусу күтүлүүдө.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген