Жарандардын пикири- биз үчүн маанилүү
Урматтуу Ала-Бука районунун тургундары!
Сиздерге, райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жана мекемелердин ишин баалоо жана сын-пикирлерди калтыруу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн маалымдайбыз.
Пикириңизди калтыруу үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мекемеде илинип турган QR- кодду сканерлеңиз. Пикир калтыруу үчүн тийиштүү категорияны тандап, пикириңизди калтырып, баа берсеңиз болот.
QR-коддор райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүндө жана мекеме-ишканаларда илинген.
Пикириңизди билдирүү менен мекемелердин ишинин натыйжалуулугун арттырууга салым кошуңуз!
