Т.Балтагулов айыл аймагынын Падек айылында маданият үйү ачылды

0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Падек айылындагы маданият үйүнүн ачылыш аземине катышты.

Алсак, 4 миңден ашуун калкы бар айылдагы бул маданият үйү 220 орунга ылайыкташкан. Курулушка райондук өнүктүрүү фондунан 16 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 750 миң сом жумшалган.

Жергиликтүү элди маданий жайдын ачылышы менен куттуктаган Төрага өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жакшы саамалыктар тууралуу сөз кылып: “Мамлекет тарабынан калктын жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык-инфраструктуралык маселелерди чечүү багытында алгылыктуу иштер аткарылууда. Айрыкча экономикалык тармакта ири реформалар ишке ашырылып, өлкө казынасы 704 млрд сомдон ашты. Бул албетте чек эмес. Талыкпаган эмгек жана туруктуулук менен алдыга умтула берсек, көп ийгиликтерге жетишерибиз анык”, – деди.

Ошондой эле кыргызда “Маданияты болбой – эл болбойт” – деген жакшы кеп бар экенин эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: “Маданият улуттун уңгусун түзгөн өтө маанилүү тармак. Биз маданият дегенде эле ырчы, бийчи, комузчу, жазуучуну түшүнбөшүбүз керек. Маданият жалпы жашообузга байланышкан бардык жагдайларга тиешелүү түшүнүк. Андыктан, бүгүн ачылып жаткан Маданият үйү ошол көп түшүнүктөрдү камтып, элибиздин руханий муктаждыгын канааттандыруу менен улуттук баалуулуктарыбызды даңазалаган жай болсун”, – деген тилегин билдирди.

Андан тышкары, Төрага маданий жайдын көрүндүгү катары өзүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миң сомдун сертификатын тапшырды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген