Аким жаш боксчу кыздарга ийгилик каалап узатты

0

Бүгүн район жетекчилиги Бириккен Араб Эмираттарында бокс боюнча өспүрүмдөр арасында өткөрүлүүчү Азия чемпионатына катышуучу Тешебаева Фаиза жана Базаркулова Азизаны, ошондой эле алардын машыктыруучусу Данияр Мавляновду кабыл алды.

Боксчу кыздардын эл аралык мелдешке баруусуна демөөрчүлүк кылган айыл өкмөт башчыларына Ала-Бука райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Аким өз сөзүндө Кыргыз желегин дүйнөлүк аренада желбиреткен чыгаан кыздарды мисал кылып, райондун эле эмес, өлкөнүн намысын коргоо үчүн бара жаткан боксчу кыздарга чоң үмүт жана ишеним артаарын баса белгиледи.

Ала-Бука райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары, Кыргыз Республикасынын чемпиондору Базаркулова Азиза жана Тешебаева Фаиза Улуттук курама команда менен 27-августтан 10-сентябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында өтүүчү Азия чемпионатына катышат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген