Аким Руслан Айтбаевдин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

0

Урматтуу Ала-Бука районунун тургундары жана коноктору!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

 Эгемендүүлүк майрамы өлкөбүздүн эң маанилүү жана негизги майрамы. Ар бир кыргыз жараны үчүн эгемендүүлүктүн орду өзгөчө. Бул күн – өлкөбүздүн өз алдынчалыгы, көз карандысыздыгы аныкталган тарыхый мааниге ээ болгон күн. Көз карандысыздыгыбыз – эң ыйык дөөлөт, эң бийик сыймык. Эгемендигибиз – ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп, бизге калтырган ыйык мурас. Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезим. Эгемендүүлүк муундан муунга, келечектеги урпактарга өткөрүп берчү аманат. Келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу- ар бирибиздин жарандык милдетибиз!

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, дилибизде тазалык, ыйман, кең пейилдик менен бирге өлкөбүздө өнүгүүлөр, келечектүү кадамдар болсун Жакшылыктар жылоолоп, жетишкендиктер болсун! Эгемен Кыргызстаныбызда дайыма өнүгүү болсун! 

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Айтбаев Руслан Маратович

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген