Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- Төрөбаев Бакыт Эргешович Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушту.

0

14-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушуусу Ала-Бука районунда уланды.

Жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич, Башкы прокурордун орун басары Каимов Нурбек Узгенович, район акими Айтбаев Руслан Маратович, министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү, райондук жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Район акими Р.Айтбаев 2022-жылы Б.Э.Төрөбаевдин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун эли менен жолугушуу учурунда көтөрүлгөн маселелердин чечилүүсү боюнча маалымат берип, ошондой эле райондо аткарылган иштер, алдыга коюлган пландар тууралуу баяндама жасады.

Жыйынга келген жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлүү маселелерин айтышып, жыйын суроо-жооп форматында уланды.

Жыйындын соңунда Төрөбаев Бакыт Эргешович айтылган маселелерди чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген