Бүгүн райондун акими Руслан Айтбаев райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, курулушу жүрүп жаткан бир катар объектилер менен жеринде таанышты.
Курулуш иштери боюнча Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Кылычбек Атаматов, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Абдибаит Азимов маалымат берип, долбоорлор белгиленген мөөнөттө аягына чыгарын билдиришти.
Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүүгө Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан 4.968.000сом акча каражаты бөлүнгөн. Азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Ала-Бука айыл аймагынын Көлмө участогундагы 90 орундуу бала бакчанын курулушунун 1-этабына райондук өнүктүрүү фондунан 20.401.800 сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери белгиленген мөөнөтүндө аткарылууда.
Ала-Бука айыл аймагынын Өрүктү айылында А.Пирматов атындагы бала бакчанын курулушунун 1-этабы үчүн райондук өнүктүрүү фондунан 14.400.000 сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Андан соң аким райондун борборундагы Жеңиш паркынын абалы менен таанышты. Парктын тазалыгы, эс алуучу жайлардын абалы боюнча эскертүү берип, тез аранын ичинде кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма берди.
