«Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг…

0

Ала-Бука райондук Ш. Жоробекова атындагы маданият үйүндө, «Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» деген темада тренинг болуп өттү. Бул иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар катышып, он жыл телерадиодо алып баруучу, уюштуруучу, продюсер, администратор болуп иштеп, Кыргыз Туусу гезитинин жылдын мыкты тренери төш белгисинин ээси болуп, учурда «URMAT_SCHOOL Эне жана баланы өнүктүрүү» окуу борборун жетектеген Урмат Турдумат уулунун таасирдүү сабактарын алышты.
Тренингдин алкагында:
🔎 Балам билим алууга кызыкпайт Эмне кылам?
🔎 Балам окуйт бирок оюн ачык, так, даана түшүндүрө албайт Эмне үчүн?
🔎 Балам менин сөзүмдү укпайт Кантем?
🔎 Канткенде балам лидерлик сапатка ээ болуп чоңоёт
🔎 Канткенде баламдын туура кесип тандоосуна жардам бере алам
🔎 Канткенде билим сапатын жогорулата алабыз
🔎 Бекем үй-бүлө мыкты тарбиянын эшиги деген темаларда кенен сабак өтүлдү. Ата-энелер суроо берип тренингге активдүү катышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул Эне жана баланы өнүктүрүү багытындагы иш-чара Ала-Бука ата-энелер мектебинин уюштуруучусу Гүлнура Элтузерова тарабынан сунушталып, райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген