Ала-Бука районунда жаңы заманбап медициналык борбору ачылды

0

2024-жылдын 10-май күнү Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап “Бакыт” медициналык борбору ишке берилди.

Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык борбор эки жыл аралыгында курулуп, анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.

Мекеме “Медикал трейд” жоокерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан жер аянты ажыратылып берилген. Мындан сырткары алдыдагы убакытта ооруканага баруучу жолго асфальт төшөлөт. Ал үчүн облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 4,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мындай медициналык борбордун ишке берилишин район эли көп жылдардан бери күтүп келе жатканын айтып, тургундарды жакшы саамалык менен куттуктап өттү. Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев жаңы медициналык мекеме калктын саламаттыгын бекемдөөгө ыңгайлуу шарт түзөөрүн кошумчалап, курулуш иштерине жакындан көмөк көрсөткөн инсандарга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарада медициналык борбордун курулушуна салым кошкон бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген