Айтбаев Руслан Маратович

1983-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Билими жогорку, 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн, кесиби экономист. Мындан тышкары 2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, юриспруденция адистигине ээ болгон. 2019-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун Өнөр-жай объектилерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган.
2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясат башкармалыгынын Өнөр-жай техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2010-2013 жылдары Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун Күрөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Агро өнөр-жай комплекс гранттары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2013-2015 жылдары Бишкек шаардык кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;
2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
2016-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2022-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2022-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПТ №146 сандуу Тескемесине ылайык, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалган.