Токтогулов Жанарбек Убайдуллаевич

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары
Токтогулов Жанарбек Убайдуллаевич 1972-жылы 1-июнда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында туулган.


1979-жылы Кербен шаарындагы Ильич атындагы орто мектебинин 1-классына барган, 1985-жылдан баштап үй-бүлөсү кичи мекенине көчүп келгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы Кызыл-Ата орто мектебинде окууну улантып, 1989-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Ошол эле жылы Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун “Улуттук мектепте орус тили жана адабияты” факультетине тапшырган.
1994-жылы Бишкек гуманитардык университетин (мурдагы ФОТАПИ) бүтүрүп, “Улуттук мектепте орус тили жана адабияты мугалими” адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1993-жылы Бишкек шаарындагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн № 56 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
2006-2007-жылдары Бишкек шаарындагы “Достук мейманканасы” ААКсында табыштамаларды кабыл алуу жана алардын аткарылышын уюштуруу боюнча диспетчер, андан кийин менеджер болуп иштеген.
2007-2009 Бишкек гуманитардык университетинин “Экология жана менеджмент” факультетинде магистратурада окуп, экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон.
2007-2012-жылдары Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
2013-2018-жылдары Ала-Бука райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы;
2018-2019-жылдары Баткен облусунун Баткен райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы;
2019-жылдын 19-мартынан 31-июлуна чейин Ала-Бука райондук КПК бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген.
2019-2021-жылдары Ала-Бука райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы;
2021-2023-жылдары Ала-Бука райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.
2023-жылдын 12-декабрынан бери Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келет.