
Жунусалиева Асель Айткуловна Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодское айылында 1979-жылы 28-февралда туулган. Билими жогорку.
1986-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылындагы №3 Сары-Талаа орто мектебине кирип, 1996-жылы №2 Н.Орозалиев атындагы мектебинин гимназия классын ийгиликтүү аяктаган.
1996-жылы “Аракет” дыйкан чарбасында эсепчи болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
1999-жылы ОшКУУнун “Тарых” факультетине тапшырып, 2002-жылы сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылындагы №3 А.Акпаралиев атындагы орто мектебине тарых мугалими болуп жумушка кирген. 2004-жылы универститетти аяктап, Ызар айылындагы №13 Д.Осмоналиев орто мектебине которулган.
2010-жылдын аталган мектептин уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары, 2016-жылы окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2018-жылы аталган мектептин директору болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №665 буйругунун негизинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары болуп дайындалган.
